Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСинде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСинде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Энергетика министрлиги билдиргендей, Токтогул ГЭСинин агрегатынын турбиналары аянтчага чыгарылып, тиешелүү жерлерин ширетүү, жыйноо, чогултуу, тазалоо, оңдоо жумуштары аткарылууда. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин агрегатына генератор орнотуучу аянтча даярдалып, айрым жабдуулары жана системалары орнотула баштады.

 

Аталган гидроэлектрстанцияларды реконструкциялоо ушул аптада башталган. Буга байланыштуу 5-марттан тарта өлкөдө электр станцияларынын кубаттуулугу азайып жатканы кабарланган. Мындан улам, керектөө эң көп жогорулаган сааттарда жарыкка кыска убакытка чектөөлөр киргизилгени маалымдалган.