Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы эл аралык мелдеште алтын утту

Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы эл аралык мелдеште алтын утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Тыныбекова чечүүчү беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы 5:0 эсебинде жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Ушул эле спорттук иш-чарада Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ болду.

 

Эске салсак, буга чейин Айпери Медет кызы да алтын тагынган. Анталия шаарында өтүп жаткан биринчилик 11-мартта аяктайт.