Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун имаратын оңдоо иши жанданды

Курулушу дээрлик 30 жылдан бери бүтпөй турган Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун имаратын оңдоо иши жанданды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Жал кичирайонунда жайгашкан оорукананын үч кабаттуу имаратын куруу 1995-жылы башталып, толук бүтпөй калган. Бул жер эксплуатацияга берилсе, Гемодиализ борбору иштеп баштайт жана эндокринология, нефрология сыяктуу бөлүмдөр кеңейтилет.

 

Борборду оңдоо жумуштарын, аны медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоону Кувейттин кайрымдуулук фонду каржылайт.