Жоламан Шаршенбеков эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды

Балбан Жоламан Шаршенбеков Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Спортчу 60 кг салмакта күчүн сынаган. Шаршенбеков 1/8 финалдагы биринчи беттешинде казакстандык спортчуну 9:0 эсебинде жеңди. Андан кийин чейрек финалда түркиялык балбанды 9:0 эсебинде артта калтырды.

 

Жарым финалда Шаршенбеков өзбекстандык спортчу 8:0 эсебинде жеңип, чечүүчү кармашта ирандык спортчуну 5:0 эсебинде утуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

 

Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат.