Садыр Жапаров Москвадагы терактыга байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Москвадагы адамдардын өмүрүн алган терактыга байланыштуу РФ лидери Владимир Путинге телеграмма жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан кырсыкта каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айткан.
«Кылмышты кескин айыптап, аны менен күрөшүүгө багытталган аракеттерди колдойбуз. Эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү үчүн дүйнө коомчулугунун бирдиктүү аракеттерине кошулабыз», — деп айтылат телеграммада.
Жума күнү, 22-мартта, аталган концерттик залда ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. ФСБ алдын ала маалымат боюнча 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имаратта өрт күч алгандыктан аны өчүрүүгө тик учактар тартылган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө, алардын төртөө оор абалда экени айтылды.