Бишкекте нөшөрлөгөн жаандан улам үйлөрдүн короосун суу каптады

Бишкекте нөшөрлөп жааган жаандан улам үйлөрдүн короосуна жана жер төлөсүнө суу толгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:00дөр чамасында нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдан улам Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндөгү 2 турак үйдүн короосун, 1 турак үйдүн жер төлөөсүн жана короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

 

Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери 1 мотопомпа, Свердлов муниципалдык администрациясынын жетекчилиги тарабынан 5 кызматкер, «Бишкек жашыл чарба» ишканасынан 6 кызматкер жана 1 Хово тартылып, Ибраимова көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короосуна кирген суулар сордурулуп, көчө тазаланууда.