«Крокус Сити Холлдо» жабыркагандардын саны 145ке жетти

Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон кандуу кол салууда жабыркагандардын саны 145ке жетти, алардын сегизи балдар. Бул тууралуу Москва облусунун саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди. Ооруканага түшкөндөрдүн расмий тизмеси жарыяланды. Ооруканага жаткырылган тогуз кишинин абалы оор.

 

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 22-мартта болгон кандуу окуяда 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети «теракт» боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

 

Орус маалымат каражаттары жана айрым расмий бийлик өкүлдөрү кандуу окуяны «теракт» деп атай башташты.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кандуу окуяда жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесинде кыргызстандыктар жок экенин кабарлады.

Буга чейин министрлик тараткан маалыматта кандуу кол салууда эки кыргыз жараны жабыркагандыгы тууралуу маалымат такталып жатканы айтылган.

Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги тактоо иштерин улантууда.