Президент Садыр Жапаров “Аккула” жаңы ипподромунун курулушуна капсула салды. Өлкө башчы администрациясынан билдиришкендей, объект Бишкектин батыш тарабында орун алат.
Жаңы ат майдан көк-бөрү оюндарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкташса, башкы аренасы 20 миң орундуктан турат. Имаратта соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе жана башка объектилер каралат.