Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесинде Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок.

 

Ведомство менен Кыргызстандын Москвадагы элчилиги каргашалуу окуяда жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин улантууда.

 

Кечээ, 22-мартта, “Крокус Сити Холл” концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. ФСБ алдын ала маалымат боюнча 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирди. Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлиги окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.