Лионель Мессинин баасы 5 миллион еврого төмөндөдү

Лионель Мессинин баасы 5 миллион еврого төмөндөдү. Бул Transfermarkt порталы футболчуларга баа бергенден кийин белгилүү болду.   Футболчунун баасы учурда 30 миллион евро. Баасынын төмөндөшүнө карабастан, “Интер Майамиде” ойногон Месси Америка лигасынын эң кымбат оюнчусу бойдон калууда.   Эң кымбат MLS футболчуларынын тизмесинде экинчи орунду… Кененирээк…

Токтогул ГЭСинде  №1 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда

Токтогул ГЭСинде  №1 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 20 күндө чоң көлөмдөгү иштер бүткөрүлдү.   Реконструкциялоо жумуштары аяктагандан кийин гидроагрегаттын кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйөрү күтүлүүдө. План боюнча келерки күз-кыш мезгилине чейин бардык иштер бүткөрүлүп, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо убада кылынууда.

Аймактарда жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборлорун ачуу пландалууда

Кыргызстандын бардык аймагында жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборлорун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Ал белгилегендей, учурда бул маселе министрлер кабинетинде каралып жатат.   Борборлор катуу кармаган миокард инфарктынын жана башка жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга тез жардам көрсөтөт, — деди… Кененирээк…

Футбол: бүгүн тартипти 2,5 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй футбол боюнча курама командаларынын беттешинде тартипти 2,5 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн кечки саат 8де башталат.   Белгилеп кетсек, оюндун алкагында көзөмөл күчөтүлөт. Мындан улам, калкка коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылуу сунушталат.   Кошумчаласак,… Кененирээк…

12 жылдык билим берүүгө байланыштуу жол картасы иштелип чыгат

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу системасына өтүүгө байланыштуу жол картасын иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, негизги максат – дүйнөлүк билим берүү системасынын деңгээлине туура келүү.   Бириккен Улуттар Уюумунун 193 өлкөсүнүн 150сүндө 12 жылдык билим… Кененирээк…

Таласта токойдон чыккан өрт бүгүн түнү өчүрүлдү

Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Тилсиз жоону өчүрүүгө Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.   Өрт кечээ саат 23:43тө чектөөгө алынып, бүгүн 00:40та толук өчүрүлгөн.… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, күндүзгү саат 2ден тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.   Чектөө Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй футбол боюнча курама командаларынын беттешине байланыштуу… Кененирээк…

«Крокус Ситидеги» кол салуудан каза болгондор 139га жетти

Москвадагы террордук чабуулдан кийин каза болгондор 139ка жетти. Бул тууралуу «Азаттык» Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинге таянып жазды.. Анын айтымында, соңку эки киши ооруканада көз жумду.   Буга чейин каза тапкандар 137, жараат алгандар 182 экени кабарланган.   22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити»… Кененирээк…

Садыр Жапаров футболду өнүктүрүүгө байланыштуу жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.   Анда жарлыктын негизги максаты калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик… Кененирээк…

Эми туристтер камсыздандыруудан өтүшү керек

Эми Кыргызстанга келген туристтер медициналык камсыздандыруудан өтүшү керек. Бул тууралуу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.   Анын айтымында, жыл сайын Кыргызстанга келген туристтердин агымы көп болууда, алар камсыздандыруунун маанилүүлүгүн билип, аны талап кылышууда. Ал белгилегендей, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаңы механизмдерди иштеп… Кененирээк…