Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден документтер 28-мартка чейин кабыл алынат

Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден документтер 28-мартка чейин кабыл алынат.

 

Бул тууралуу Боршайком эскертет. Үгүт иштери  8-апрелде башталып, 27-апрелдин таңына чейин уланат.  28-апрелде шайлоо өтсө, добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга дейре жарыяланат.

 

Эске салсак, аталган округдардан парламентке келген депутаттар жазган арыздарына ылайык мандатынан ажыратылгандан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды.