Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод ишке кирди.
Ал азырынча тесттик режимде ачылды, толук кандуу ушул жылдын аягында иштеп баштай турганын министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Ишанада учурда 200 адам жумуш менен камсыздалды. Бир саатта 2 тонна эски дөңгөлөк кайра иштетилет. Долбоорго 19 миллион доллардан ашык багытталган.