Мамлекеттик салык кызматы 45 миңден ашык электрондук кол тамга берди

Мамлекеттик салык кызматы 45 миңден ашык электрондук кол тамга берди.

 

Алардын басымдуусун юридикалык жактар алган. Ведомстводон белгилешкендей, электрондук кол тамга акысыз берилет жана аны алуу бир нече мүнөттү гана талап кылат.

 

Аны алыш үчүн каалаган аймактык салык органына кайрылуу керек. Эске салсак, электрондук кол тамганы салык төлөөчүлөр “жеке кабинетке” кирүү үчүн колдонсо болот.