Бишкекте үч автобустун каттамы өзгөрдү

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №55, №56 жана №226 автобустардын каттамы жарым-жартылай өзгөрдү. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, №56 автобус Кожобергенов көчөсү менен Чоң-Арык айылына чейин барат. №55 автобус Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Селекционное көчөлөрү менен ЖЭБ-2ге чейин жүрөт.   Ошондой эле №226 автобустун каттамы мурдагы калыбына келтирилди. Ал Сухэ-Батор,… Кененирээк…

Кеминдин кире беришиндеги жаңы стеланын курулушу аяктады

Кемин районунун Ысык-Көл облусу менен чектешкен аймагына жаңы стела курулуп бүттү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Стела өзүнө Чүй облусунун эн белгисин камтып, темир металлдан жасалган.   Келечекте бул стеланын жанына туристтер үчүн таанытуу борборлору сыяктуу белгилерди орнотуу пландалууда.

Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген үч жол пайда болот

Быйыл Бишкекте Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Мэриядан билдиришкендей, алардын бири Кара-Дарыя жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу байланыштырат. Учурда ушул жолдун курулушу башталды.   Жаңы жол тилкеси Аламүдүн дарыясынын жээги менен салынат. Анын алкагында 7-апрель жана Абдрахманов көчөлөрүнө… Кененирээк…

Кыргызстанда окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга тыюу салынды

Кыргызстанда окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Тиешелүү буйрукка ылайык, олимпиадалар мекеме бекиткен жобонун негизинде гана жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.   Буйрукту аткарбаган жетекчилер жоопкерчиликке тартылат, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө 157 млрд сом керектелет

Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө 157 млрд сом керектелет. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.   Маалыматка ылайык, каражат айыл чарбасын өнүктүрүүгө, ирригациялык объектилерди калыбына келтирүүгө, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө жана айыл чарба продукциясын экспорттоого жумшалат.

Жалал-Абад санаторийи мамлекеттин карамагына өттү

Жалал-Абад санаторийи мамлекеттин карамагына өтүп, жаңы жетекчиликке курортту заман талабына ылайык өнүктүрүү тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдирди.   Ал бир кылымдан ашык кызмат кылып келе жаткан курорт жаңыланууга муктаж экендигин айтты.   «Ошентсе да профсоюздар федерациясынын башка мүлктөрүнө салыштырмалуу абалы жакшыраак… Кененирээк…