Талас шаарындагы Сарыгулов көчөсүнүн Айтматов көчөсүнөн тарта Бердике Баатыр көчөсүнө чейинки аралыгы заманбап талаптарга ылайык келтирилет.
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мындай аракет шаардын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрү максатын көздөйт.
Учурда бул багытта атайын эскиздик долбоор иштелип чыгып, жергиликтүү мэриянын кароосуна сунушталды.