Азербайжандын тышкы иштер министри Бишкекке келди

Бишкек менен Баку кылмышкер деп шек саналган жана айыпталган жарандарды бири бирине өткөрүп берген окуялардын тушунда Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

 

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, ал 8-апрелде кечинде «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Байрамов министр Жээнбек Кулубаев жана өлкө жетекчилиги менен жолугуп, сүйлөшөт. Расмий кабарда кошумча маалымат берилген жок.

 

Дүйшөмбү күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Кыргызстандын мамлекет башчыларына кол салууну пландаган» деп шек саналган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү Азербайжанга өткөрүп берилгенин кабарлаган. Алар 22-мартта Бишкекте кармалып, баары азербайжандыктар экени маалымдалган.

 

Кыргызстанда коррупциялык схема түзүүгө айыпталган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алып келинген.