Бишкекте Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу башталды. Мэриядан билдиришкендей, быйыл ордо калаада 3 жаңы көчө пайда болуп, алар Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин байланыштырат.
Алардын бири темир жол аркылуу Кара-Дарыя жана Сүйүмбаев көчөлөрүн бириктирет. Трасса Аламүдүн дарыясын бойлоп өтөт.
Шүкүров көчөсү менен ал Лев Толстойго чыгат. Кара-Дарыя көчөсүнүн эки тарабында тең ирригациялык система каралып, тротуарлар курулат.