Азия чемпионаты-2024: Улан Муратбек уулу коло медаль тагынды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Улан Муратбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медаль жеңди.

 

Кыргызстандык балбан 55 кг чейинки салмакта 1/4 финалдык баскычынан баштап, анда Түндүк Кореядан келген Ю Чол Ро аттуу спортчуга 8:2 эсебинде жеңилип калды. Тундүк Кореялык атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу Улан Муратбек уулу кийинки жубатуучу беттешинде кытайлык Син Хуанг атту спортчуну артта калтырды.

 

Ал эми коло байге үчүн беттеште өзбекстандык Жасурбек Ортикбоевди 5:2 эсебинде жеңип алды.