Бишкектин көчөлөрү уруксатсыз илинген жарнамалардан тазаланууда

Бишкектин көчөлөрүндөгү таяныч мамыларына уруксатсыз илинген жарнамалар тазаланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Белгиленгендей, мамыларды таза кармоо – бул эстетикалык гана маселе эмес, шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу аракетинин бир бөлүгү болуп саналат. Муниципалитеттен белгилешкендей, дайыма тазалап, сырдап турганы менен мамыларда тынымсыз жаңы жарнамалар, жарыялар пайда… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге жакын абитуриент катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге жакын абитуриент катталды. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Анын айтымында, бул көрсөткүч азырынча акыркы эмес, анткени маалыматтар дагы эле келип түшүүдө.   Эске салсак, быйыл ЖРТ 17-майдан 25-майга чейин өтөт.

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар азаюуда

Кыргызстанда курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандар азаюуда. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматынын маалыматына караганда, 8-апрелден 14-апрелге чейин өлкөдө 3,5 миңден бир аз ашык учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 10 пайызга аз.   Дарыгерлер эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү улантууда.

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны коңшу өлкөнүн Согди облусунун Бустон шаарында өттү.   Министрлер кабинетинен маалым болгондой, тараптар тактала элек аймактар боюнча биргелешкен изилдөө иштерин жүргүздү.   Белгиленгендей, калган… Кененирээк…

Пенсия эң жогору болгон мамлекеттер аталды

Пенсия эң жогору болгон мамлекеттер аталды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Испания биринчи орунду ээлейт. Ал жакта карылар айына 3 миң 800 доллардан ашык алышат. Испаниялыктар пенсияга 65 жаштан кийин чыгышат.   Экинчи орунда АКШ турат. Американын 65 жаштан жогорку жарандары өкмөттөн айына 3 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу бар

Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.   Ошондой эле тоолуу жолдорго кар көчкү… Кененирээк…

Синоптиктер май айында кандай аба-ырайы күтүлгөнүн айтып беришти

Синоптиктер май айында кандай аба-ырайы күтүлгөнүн айтып беришти.   Алсак, өлкөнүн түндүгүндө жаздын соңку айында күндүзгү температура +18ден +25 градуска чейин жетсе, түнкүсүн +4…9 градусту түзөт. Кээ бир күндөрү аба табы 35 градуска чейин ысышы мүмкүн.   Түштүк облустарда күндүзгү орточо температура +20…30ду көрсөтөт. Жаан-чачын… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот. Капиталдык курулушу башкармалыгынын маалыматына ылайык, имарат 650 окуучуга чакталат.   Анда окуу класстарынан тышкары, спорт зал, ашкана, балдардын чеберчилик кабинеттери, китепкана, конференц-зал жана музыка класстары орун алат.   Ал эми короосунда баскетбол, футбол жана воркаут аянтчалары каралган.

Бардык курулуш компаниялары 1-майга чейин объектилеринде коопсуздукту камсыздашы керек

Бардык курулуш компаниялары 1-майга чейин объектилеринде коопсуздукту камсыздашы керек.   Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба агенттигинен билдиришкендей, фирмалар курулуш аянттарынын айланасынан жарандардын коопсуз  өтүшүн уюштурууга өзгөчө көңүл бурушу шарт.   Андан тышкары, адамдар өтүүчү жер коргоочу чатыр менен корголуп, тосулушу керек. Бул талаптардын бузулушу… Кененирээк…

Кыргызстанда ККМ аппараттардын саны 78,5 миңге жетти

Салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Тынарбек Кошматов «Биринчи радионун» эфиринде жыл сайын өзүнүн соода ишмердигинде контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны өсүп жаткандыгын билдирди.   Анын айтымына караганда, 2024-жылдын 1-апрелине карата өлкө боюнча ККМ аппаратын колдонгондордун саны 78 миң 500гө жетти.  … Кененирээк…