Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №33 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатат. Учурда жумуштар аталган унаа унаа жолдун 58-61-чакырым аралыгында жүрүүдө.

 

Жердин негизи былтыр күз айларында даярдалган.