Чолпон-Атада 14 гектар аянтка аллегия курулат

Чолпон-Ата шаарында «Рапопорт» атындагы аллея куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аллеянын эскиздик долбоору Ысык-Көл районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

 

Долбоор боюнча аталган аллея «Газпром» спорттук-эс алуу комплексинин аймагында жайгашат, анын жалпы аянты 14 гектарды түзөт.