25-майдан тартып бир катар ишмердүүлүккө уруксат берилет.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, 50 орундан ашпаган тамактануучу түйүндөр, жайкы кафе,
ресторандар, театр, музей, китепкана, галерея, калаа ичиндеги коомдук
транспорт жана кийим-кече сатуучу базарлар ишин жандантат.
Бардык тармактар санитардык-гигиеналык нормаларды так сактоосу
зарыл жана адамдар ортосунда 2 метр аралык сакталышы керек