Европа Биримдиги Кыргызстанга 36 миллион евро бөлөт

Европа Биримдиги Кыргызстанга 36 миллион евро бөлөт.

Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, каражат грант түрүндө берилет жана макрофинансылык туруктуулукту,

социалдык коргоону, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана саламаттыкты

сактоо тармагына жумшалат. Грант түрүндө бөлүнө турган акчанын 30 миллион евродон

көбүрөөгү мамлекеттик бюджетке тартыштыкты азайтуу үчүн которулат.

Буга чейин өкмөт коронавируска байланыштуу быйыл республикалык

бюджетке 28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экенин билдирген.