Кыргызстан Кытайдан келген эт азыктарына чектөө киргизди

Кыргызстан Кытайдан келген эт азыктарына чектөө киргизди.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Кытайдын «Хенань» провинциясынан

2019-жылдын декабрь айында 48 тонна өрдөк эти алынып келинген.

Ветеринардык текшерүүдөн кийин сатууга уруксат берилген. «Хенань» провинциясы

оору катталган «Хубэй» провинциясынан 511 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Өкмөт Кытайдан алып келинген эт боюнча социалдык тармакта туура эмес кабарларды

ким таратып жаткандыгын аныктоо үчүн Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине кат жөнөттү.