30-июлдан тартып Бишкектеги Россиянын элчилигинин консулдук бөлүмү жарандарды кабыл алууну жандантат

30-июлдан тартып Бишкектеги Россиянын элчилигинин консулдук бөлүмү жарандарды кабыл алууну жандантат.

Россия жарандыгы жана чет элдик паспорт боюнча, ошондой эле нотариалдык документтерди бекитүү боюнча

жарандар кабыл алууга жазылуу үчүн электрондук түрдө кезекке туруусу керек. Бирок Россияга кайтуу үчүн

маалым кат алууну каалагандар жана жарандыгы бар же жогун аныктоо максатында кайрылгандар

онлайн кезек күтүүсү зарыл эмес. Жарандар мекемеге баш багууда беткап тагынып,

антисептикалык каражаттарды колдонушу керек жана андан дене табы өлчөнөт.