Россиядан келген дарыгерлер аймактарда “кызыл зонада” жана реанимациялык бөлүмдөрдө иштеп жатышат.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдиргендей, адистер учурда Чүй, Нарын, Ысык-Көл,
Ош жана Жалал-Абад облустарында кызмат көрсөтүшүүдө. Алар коронавирус жана пневмонияга
чалдыккан бейтаптарды дарылоодо кыргызстандык дарыгерлерге жардам көрсөтүп жатышат.
Исмаилова кошумчалагандай, адистер өлкөгө келген алгачкы
2 күн аралыгында Улуттук госпиталда кызмат көрсөтүштү.