Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктайт.
3-августтан тартып колледждер окууга өткөндөрдүн тизмесин жарыялай башташат, — дешти
Билим берүү министрлигинен. Маалыматка ылайык, 6-августка чейин абитуриенттер
орто кесиптик окуу жайында окуушунун каалоосун тастыктоого тийиш.
Документтердин түп нускаларын студенттер о окуу жылдын башында бериши зарыл.