31-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын толук курамы күчөтүлгөн тартипке өтөт

31-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын толук курамы күчөтүлгөн тартипке өтөт. Бул тууралуу ведомство башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

 

Анын айтымында, Эгемендүүлүк күнүнө карата башкы иш-чаралар Аламүдүн районундагы капчыгайда өтөт. Жол инспекторлору аймакта 30 унаа менен нөөмөт жүргүзөт.

 

Андан тышкары, капчыгайда 11 унаа токтотуучу жай уюштурулмакчы. Ал эми тиешелүү эмес жерде токтотулган машинелер эвакуацияланат.