Нарында президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Нарын районунун Эмгекчил айылындагы ипподромдо Эгемендүүлүк күнүнө карата президенттин кубогуна арналган улуттук ат оюндары боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул туурасында аймактык кабарчы маалымдады.

 

Иш-чаранын ачылышына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов баш болгон бир катар аткаминерлер катышты. Оюн башталар алдында ат майданына ысымы ыйгарылган Эмгекчил айылынын тургуну, саяпкер Оңолбек Мамытов батасын берди.
«Эгемендүүлүк – кыргыз элинин бактысына бүткөн улуу баалуулук. Элибиздин бактысына буюрган көз карандысыздык майрамынын мааниси канчалык терең экендигин ар бир кыргызстандык жүрөгү менен сезет деген ишеничтемин», — деген облус жетекчиси Эргешов.
Көк бөрүгө республиканын аймактарынан 19 команда катышары күтүлүүдө. Ат оюндарынын жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түзөт. Анын ичинен көк бөрүгө президенттин фондунан бир миллион сом, ат чабышка жана эр эңишке Дене тарбия жана спорт департаментинен 500 миң сом каралган.