Бишкекке коменданттык саат жарыялоо маселеси көтөрүлгөн жок

Бишкекке коменданттык саат жарыялоо маселеси көтөрүлгөн жок.

Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Азырынча шаарда бир катар чектөөлөр киргизилди. Мисалы, 17-июндан тарта Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайлар саат 23.00гө чейин гана иштеши керек. Мэриянын маалыматына караганда, буга шаарда коронавирус инфекциясына карата абалдын оор болуп турганы себеп болууда. Мозгачева буга чейин түшүндүргөндөй, шаар жетекчилиги мындай чечим

кабыл аларда көпчүлүк адамдар көңүл ачуу жайларына түндө барарын эске алган.

Белгилей кетсек, Бишкекте коронавирус инфекциясынын жайылганына

байланыштуу коменданттык саат 2020-жылдын жаз мезгилинде киргизилген.