Жалал-Абаддагы жаңы муниципалдык унаа базары 25-мартта ачылат

Жалал-Абаддагы жаңы муниципалдык унаа базары 25-мартта ачылат. Мэриянын маалыматына ылайык, азыркы жеке унаа базары жабылат. Жаңы соода аймагын ачууга  даярдык иштер аткарылып бүттү.

 

Бир нече жума бою унаалар акысыз токтотулат. Андан кийин тарифтер орнотулуп, каражат шаар бюджетине түшөт. Муниципалдык унаа базары Манас көчөсүндө жайгашат.