4-8-июль аралыгында өлкөдө адаттан тыш ысык аба ырайы күтүлөт

4-июлдан 8-июлга чейин өлкөдө ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 4-июлдан 6-июлга чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +38…+40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө +36…+38 градуска чейин жогорулашы, 7-8-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +39…+41 градуска чейин, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындай ысык аба ырайында ачык күндүн астында көпкө жүрүү сунушталбайт. Министрлик жарандарды сак болууга чакырат.