Кыргызстандын электр тармагынын дээрлик бардык тилкелеринде ремонттук иштер аткарылууда. Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, бул күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында жасалуучу иш-чаралар.
Адистер күн сайын жыгач мамыларды бетонн мамыларга алмаштырып, кабелдерди жаңылап, тоскоолдук жараткан бутактарды кыйып жатат.
Анын үстүнө, өткөн жылы пандемиянын айынан жумуштардын басымдуу бөлүгү аткарылбай, быйылкыгы калган болчу.