5-октябрдагы окуядан жабыркаган адамдардын саны 1 миңден ашты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам маалыматы боюнча, 1 миң 218 адам
медициналык жардам сурап кайрылды. Учурда ооруканаларда 228 бейтап дарыланууда.
Алардан бирөө жандандыруу бөлүмүндө.
Ведомстводон белгилешкендей, тагыраак маалымат дагы берилет.