Кыргызстанда коронавируска кабылуунун эң жогорку чеги качан болоору белгисиз

Кыргызстанда коронавируска кабылуунун эң жогорку чеги качан болоору белгисиз.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев

билдирет. Анын айтымында, учурда бул маселенин үстүндө Кайра даярдоо жана

квалификацияны жогорулатуу институтунун профессорлору, адистери иштеп жатат.

Жакынкы арада эксперттер болжолдуу анализди аныктап, маалымат беришет.

Эске салсак, учурда Кыргызстанда КОВИД-19 вирусуна

каылгандардын жалпы саны 298ди түзөт.