Коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине берилүүчү кошумча төлөм
30 пайызга жогорулады. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында,
кызматкерлерге буга чейин төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү
категорияга жараша 1-июлдан тартып көбөйтүлдү. Эгерде буга чейин бир дарыгерге 1 күнгө 2 миң 300 сом төлөнсө,
азыр 3 миң сом берүү сунушталууда. Мындан тышкары, кызматкердин
14 күн изоляцияда болуусун 7 күнгө кыскартуу сунушу киргизилди.