Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалууда

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалууда. Аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аэропорттун аймагында түнкү саат 3төн бери калың туман болууда.

 

Андан улам, Москва-Бишкек-Москва, Ташкент-Бишкек-Ташкент, Бишкек-Ош багыттары боюнча учактар асманга көтөрүлгөн жок. Жүргүнчүлөр сапарга чыгардын алдында аба майданына чалып, каттамы тууралуу эртелеп билип алуусу оң.