Коюу тумандан улам “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалып жатат

Коюу тумандан улам “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалып жатат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, учурда 50 метр аралык гана көрүнүүдө.

 

Андан улам, Стамбул, Нурсултан Ош шаарларына каттамдар аткарылбай калды. Аэропорт жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт. Каттамдар тууралуу алдын-ала маалыматты 0(312) 69-31-09 номери аркылуу билсе болот.