Милиция Эркин-Сай айылында эки кыздын уурдалышы боюнча маалыматты текшерүүдө

Милиция Эркин-Сай айылында эки кыздын уурдалышы боюнча маалыматты текшерүүдө. Белгисиз адамдар кара машине менен мектеп окуучуларын уурдоого аракет кылганын көрсөткөн видео интернетте кечээ таркады.

 

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, тартип сакчылар кыздар менен алардын ата-энесинин көзүнчө сүйлөштү. Алардын билдирүүлөрүндө дал келбестиктер болууда. Андан тышкары, айыл тургундары кара түстөгү жол тандабас менен бейтааныштарды көрбөгөнүн айтышты. Милиция аймакты иликтеп жатат. Шектүү унаалар текшерилүүдө.