Адамдар чогулган жерлерде беткап тагынуу режими сакталышы кажет

Адамдар чогулган жерлерде беткап тагынуу режими сакталышы кажет.

Мындай талапты премьер-министр Кубатбек Боронов койду. Анын айтымында,

жарандарды кабыл ала турган мекемелерде, коомдук унааларда жана базарларда

адамдардын беткапчан болушун текшерүү иштери күчөтүлүшү  зарыл. Бир катар

жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эпидемиологиялык абалдын начарлашы байкалууда.

Мындан улам, саламаттыкты сактоо системасы жана мамлекеттик органдар күтүлүп

жаткан вирустун экинчи толкунуна даяр болушу зарыл, — деп белгиледи өкмөт башчы.