Кыргызстан 5 өлкө менен аба каттамдарын калыбына келтирди

Кыргызстан 5 өлкө менен аба каттамдарын калыбына келтирди.

Республикалык штабдан билдиришкендей, алар Россия, Казакстан, Өзбекстан,

Бириккен Араб Эмирлиги жана Түркия. Эми кыргызстандыктар Москва, Алматы,

Ташкент, Дубай, Шарджа, Анталья жана Стамбул шаарларына уча алышат.

4 өлкөнүн талаптарына ылайык, мекендештер алардын аймагына келгенге чейин

3 күн мурда коронавирустун жок экенин тастыктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Ал эми Түркияга уча турган жарандарга ПЦР-тесттин жыйынтыгы керектелбейт.