Кыргызстан 4 өлкө менен аба каттамдарын жандантуунун убактылуу графигин иштеп чыкты.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, алар Россия,
Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмирлиги. Учурда бир гана Түркия жумасына 2 ирет
аба жолдорун уюштурууга макул болду. Калган өлкөлөр менен августтун аягына чейин
чартердик каттамдарды жүргүзүү макулдашылды. Учурда аба каттамдарды калыбына
келтирүү маселеси тиешелүү мамлекеттик кызматтарда каралып жатат.