Айдоочулук күбөлүктү кайра алуудагы талаптарды өзгөртүү сунушталды

Ички иштер министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасы жокко чыгарылган айдоочулук күбөлүктү кайра алуу үчүн акы алынуучу сынакты киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланды.

 

Ички иштер министринин буйругунун долбоорундагы чаралар айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү көздөй турганы кабарланды. Долбоорго ылайык, айдоочулук күбөлүктү кайра ала турган айдоочулар сынакка бир нече жолу катышса болот. Алар сынак үчүн акы төлөшөт.

«Унаа» мекемеси сынактын акысын так көрсөткөн эмес.

 

Азыркы талап боюнча айдоочулар күбөлүк алуу үчүн үч жолу гана сынак тапшыра алат. Андан өтпөй калса, кайра автомектепке окууга жөнөтүлөт.

Мекеменин маалыматына караганда, быйылкы жарым жылда айдоочулуктун теориясы боюнча 288 577 жолу сынак тапшырылса, анын 24,4% гана ийгиликтүү болгон. Ал эми практикалык сынак 172 919 жолу өткөрүлүп, 23% талапкер өтпөй калган.

 

ИИМдин 13-октябрга карата берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктарынан 477 адам набыт болду. Анын ичинде 79 бала бар. 7888 киши түрдүү жаракат алган, анын ичинде 1672си бала.