Кыргызстан калкын каттоого планшеттерди Санариптик өнүктүрүү министрлиги бөлүп берет

Кыргызстан калкын каттоого планшеттерди Санариптик өнүктүрүү министрлиги бөлүп берет. Каттоонун жол-жобосу тууралуу кененирээк Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.

 

«Бул жолу планшеттерди сатып албайбыз, анткени, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен алабыз, 2 миң 800 планшет. Планшет же ноутбук алынат да. А элди каттап аткан каттоочулар алар өздөрүнүн телефондук аппараты менен эле иштейт, ошол телефон аркылуу жүргүзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, алгачкы жолу Кыргызстан калкын каттоо атайын уюлдук тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Буга чейин бардык маалымат колго чогултулуп келген.