Бишкек — Будапешт аба каттамын ачуу пландалууда

Бишкек — Будапешт аба каттамын ачуу пландалууда.

Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдирди.

Анын айтымында, аба жолдору түз ачылышы зарыл. Ага карата, юридикалык жана

каржылык шарттар түзүлөт. Бирок, каттамдар качантан баштап ачылары так айтыла элек.

Белгилеп кетсек, учурда президент Сооронбай Жээнбеков Венгрияда расмий сапар менен жүрөт.