Кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту

Чек арадагы чагымчыл аракеттердин алдын алуу, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү бекемдөө максатында 21-октябрда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали жолугушту.

 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалыматында тараптар биргелешкен билдирүү таратканы, анда эки өлкөнүн аракеттери менен учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экени айтылат.

Шаршеев менен Рахмонали жолугушууда аймактык бүтүндүк маселелеринде тилектештик жана ынак коңшулук боюнча принциптерин сактоого умтулуу бар экенин бекемдешти.

 

Маалыматка караганда, алар жалпыга маалымдоо каражаттарын жана ыйгарым укугу жок адамдарды эки элдин ортосунда чагым сала турган, жаңжалдын чыңалышына түрткөн билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырышты.

 

Тараптар расмий эмес, чындыкка коошпогон билдирүүлөрдү чек арадагы кырдаалды күчөтүү аракети катары баалай турганы айтылган.

Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөргөнү маалым болгон. Жыйында Ташиев чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөр саясий-дипломатиялык жол менен, сүйлөшүүнүн негизинде чечилиши керектигин айткан.

 

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуя үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин күнөөлөп келет.