Бишкекте Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен 3 билим берүү мекемеси курулуп жатат.
Курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, кеп, №61 жана
№5 мектептерге кошумча корпус тууралуу болуп жатат. Андан тышкары,
салынып жаткан объектилердин катарында Арча-Бешик конушундагы имарат бар.
Учурда анда пайдубал куюлуп, дубалы тургузулууда. Мекеме 1 миң 250 окуучуга чакталат.
Бардык мектептер кийинки жылы пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.