Айрым адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбайт

Айрым адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы талап кылынбайт. Алар тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

“Жалпы республикалык тесттин жыйынтыктары айрым адистиктер үчүн кереги жок. Аны каяктан билсе болот? биздин сайтта атайын ушундай адистиктердин жана талап кылынган предметтик тесттердин тизмеси илинген. Ошол жерден таанышса болот. Ал эми чыгармачылык адистиктерге мисалы үчүн ыр, бий, сүрөт тартуу же дизайн деген адистиктерге, кайсы бир өзгөчө өнөрдү талап кылган адистиктерге жалпы республикалык тесттин тапшыруунун кереги жок”

 

Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө 23-майдан 28-майга чейин өтөт.