Кыргызстан мектептерине 1-класска балдарды электрондук түрдө каттоо уланууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, карантин учурунда ата-энелер балдарын мектепке 1-класска электрондук түрдө каттай берсе болот.
Бирок 22-апрелге чейин арыздар каралбайт. Эске салсак, электрондук каттоо 15-февралда башталган.
Ата-энелер министрликтин сайтындагы “Статистика” деген бөлүмдөн ар бир мектепке канча бала катталып, канча орун калганын көрө алат. Каттоо 15-августта токтойт.