Бишкекте мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 1 бала бакча курулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, объектилер бир катар конуштарда пайда болот.
Алсак, алар Ак-Босого, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо жана Мурас-Ордо. Бардык долбоорду
ишке ашырууга 1 жарым миллиард сом керектелет. Муниципалитеттен белгилешкендей,
жаңы мектептерди куруу менен билим берүү мекемелерине болгон
муктаждыктын деңгээли төмөндөйт.